Караколдо 10 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн жездеси өмүр бою абакка кесилди

Жазылуу
Каргашалуу окуя былтыр декабрь айында болгон. Милиция кызматкерлери каза болгон кыздын жанынан жаракат алган анын инисин да табышкан.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 10 жаштагы кызды өлтүргөн киши өмүр бою абакка кесилди. Бул тууралуу Каракол шаардык сотунан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Абакка алынган шектүүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Киргшёлктогу үч аялдын өлтүрүлүшүнө шектелип 18-21 жаштагы 6 киши кармалды
2015-жылы декабрда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кичинекей кыз жана оор жаракат алган жети жаштагы бала табылган. Алгач балдар уурулардын колунан каза болгон деп маалымат таратылган. Себеби үйдөн темир сейф жоголгон. Кийин бул ишке шектелип үй-бүлөнүн 52 жаштагы алыскы тууганы кармалганы айтылган. 

Каза болгон кыздын желкесине эки жолу бычак урулуп, жаагы сынып, төш жагы сыйрылган. Бала желкесине бычак жеген. Жаракат алган бала бүгүнкү күнгө чейин дарыланып жатат.

Мадамин Азимжанов төрагалык кылган сот иши 11-майда өткөн. Бул ишке шектелген 52 жаштагы жаран өмүр бою абакка кесилди. Ал жазасын катуу режимдеги колонияда өтөйт. Соттолгон жаран күнөөсүн мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0