"Элдик парламенттин" өкүлдөрү УКМКнын убактылуу жайынан чыга элек

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу Талгарбековдун суракка алынып, башка кармалгандар менен беттештирилгенин айтты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп шектелип кармалган "Элдик парламенттин" өкүлү Бекболот Талгарбеков УКМКнын убактылуу кармоо жайынан чыга электигин анын жактоочусу Тимур Жанаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-майда УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик "бийликти күч менен тартып алууга даярдык көрүү" жана "бийлик адамына карата зомбулук кылууга даярдануу" деген шек менен "Элдик парламенттин" өкүлдөрү делген Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалган

Жанаев бүгүн таңкы бешке чейин УКМКда болгонун, Талгарбеков шектүү катары суракка алынганын айтты.

"Ал шектүү катары суракка алынды жана башкалар менен беттештирилди. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайында. Мыйзам боюнча анын баш коргоо чарасын сот 48 сааттын ичинде белгилеши керек", — деди ал.

Эскертсек, "Элдик парламенттин" өкүлдөрү делген кишилердин бир нече телефондук сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. Анда алар өлкө бийлигин кантип тартып ала турганын жана бир катар мамлекеттик кызматчылардын көзүн тазалоону сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0