Белгилүү жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгы Бишкек шаарында эскерилет

Жазылуу
Эскерүү иш-чарасында акын, жазуучу жана котормочунун буга чейин жарыяланбаган аудио лекциялары келгендерге тартууланат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкек шаарында белгилүү жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Журналистика дыйканы, ырдын төрөсү элең, кечир, Жолдошбек. Сени барктай албадык…
Маалыматта эскерүү бүгүн борбор калаадагы Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги Борбордук китепканада өтөрү айтылган.

Белгилүү жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевди эскерүүгө акындар Мукан Асаналиев, Төлөгөн Мамиев баштаган бир топ жазуучулар келет. Ошондой эле студенттер менен мектеп окуучулары да катышат.

Бул иш-чарада жазуучунун буга чейин жарыяланбаган аудио лекциялары коюлат жана китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0