Кыргыз кыздары менен музыкасына арбалган тажикстандык Шодмонбек Хазратов

© Айдана Топчубекова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Тажикстандан келип окуп жаткан Шодмонбек Хазратов. Архив
Кыргыз-Түрк Манас университетинде Тажикстандан келип окуп жаткан Шодмонбек Хазратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. Бардык улут өкүлдөрү бири-биринин үрп-адатын сыйлап жашап келет. Өзгөчө соңку жылдарда чет өлкөдөн келип билим алып жаткан жаштардын кыргыз маданиятына кызыкканы байкалат.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Тажикстандан келип окуп жаткан Шодмонбек Хазратов 7 тилде эркин сүйлөп, анын ичинде кыргызча түш жоруйт. Мындан сырткары, ал кыргыз бийин мыкты өздөштүрүп, кыргызча ыр жазып, обон да созот. Кыргыз тилине жана маданиятына мындай кызыгуусунун себеби эмнеде? Маектен күбө бололу.

— Биринчи эле эмне үчүн Кыргызстанда билим алууну кааладыңыз деген суроону бергим келди.

— Мен негизи башка тилдерди үйрөнүүгө абдан кызыгам. Кичинемден бери чет тилдерди үйрөнүп келем. Тажикстанда окууну аяктап, Америкада бир жыл окуп келдим. Андан кийин жогорку билим алуу үчүн алыс эмес, коңшу өлкөлөргө кызыга баштадым. Ойлонуп отуруп Кыргызстанды тандадым, ага ата-энем каршы чыккан жок, тескерисинче колдошту.

— Кыргыз тилин үйрөнүүдө кандай кыйынчылыктар болду? Дегеле тажик тилинен айырмасы чоңбу?

Кыргызстандын жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга буту баса элек чет элдиктер бизди кандай элестетишет?
— Көп деле кыйынчылык болгон жок. Анткени Тажикстанда жүргөндө өзбектер менен коңшу жашап, өзбек тилин билчүмүн. Ошого салыштырып, оңой үйрөндүм окшойт. Анан да китептерди окуп, кыргыз досторум көп болгондуктан алар менен такай сүйлөшүп турдум. Кыргыз тилин үйрөнүүдө апамдын ушул жакта төрөлгөнү мага өзгөчө күч берди. Ал эми кыргыз тили тажик тилинен бир топ эле айырмаланат. Кыргыз тили түрк тилдерине кирсе, тажик тили фарс тилдер топтомуна кирет. Сөздөрдүн кээ бир бөлүгү арабчадан, фарсчадан келгендиктен тыбыштык жактан өзгөрүүгө дуушар болгон орток сөздөрдү учуратууга болот. Бирок грамматикасы башкача. 

— Кыргыз досторум көп деп калдыңыз. Айтсаңыз, кыргыз улутунун өзгөчөлүгү эмнеде экен, кыргыз дегенде сизге кандай элес келет?

— Кыргыз деген сөздү укканда эле менин көз алдыма кара жорго бийи келет. Аны да үйрөнүп алдым. Негизи Кыргызстанга келгенге чейин биринчи жолу кыргызды 2010-жылы Америкада окуп жүргөндө көргөм. Алар менен таанышканда бири-бирибизден көп деле айырмаланбаганыбызды байкагам. 

© Айдана Топчубекова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Тажикстандан келип окуп жаткан Шодмонбек Хазратов
Студент Шодмонбек Хазратов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Тажикстандан келип окуп жаткан Шодмонбек Хазратов

— Сиздин кара жорго бийлегениңиз баарын кызыктырат болуш керек. Муну үйрөнүүгө эмне түрткү болду?

— Кара жорго бийин эң биринчи 2005-жылы телевизордон көргөм. Ал учурда казак бийи деп уккам. Бирок кийин кыргыз бийи экенин билдим. Анан кызыгып, аны изилдей баштадым. Бул жакка келгенде Тажикстандын күнүн белгиледик. Ошондо мен өзгөчө номер даярдайын деп кара жоргону видеолордон бир күн эртеден кечке көрүп үйрөндүм. Мен бир кызыккан нерсени сөзсүз үйрөнмөйүн, аны таштабайм. Мага бул бийдин элементтери аябай жагат. Өзгөчө ийиндин, колдун кыймылдары. Азыр жалын бийди да бийлейм.

— Кыргызстанда сизге эң жаккан жана жакпаган нерсе эмне болду?

Темир комуз кагып, кыргыздын улуттук кийимин кийген биздин Катя
— Алгач Кыргызстанга келгенде таң калып жүрдүм. Анткени бул жакта кыздар көп экен. Маршруткага отуруп, айлананы карасам, он беш кыз, анан эки эле баланы көрөсүң. Кай жакка барбайын ушундай. Ал эми Тажикстанда кыздар анчалык көп эмес. Бул жакпаган эмес, тескерисинче, жаккан нерсе болду (күлүп). Ал эми жакпаган нерсе балдардын орой мамилеси. Башка улуттун өкүлүнө бир аз осол мамиле жасагандай сезилди. Жаман улут эмес, жаман адамдар болот эмеспи.

— Кыргыз кыздары башка улуттун кыздарынан эмнеси менен айырмаланат экен?

— Кыргыз кыздарынын өзгөчө сулуулугу бар экен. Аябай назик мамиле жасашат. Жардам сураганымда терс жооп уккан жокмун. Анан дагы кыргыз кыздары башкаларга салыштырмалуу жашыраак көрүнөт экен. Мисалы 22-23 жаштагылар 17-18 жаштагыдай көрүнөт. 

— Келечекте кыргыз кызына үйлөнүп калышыңыз мүмкүнбү?

— Мүмкүн, анткени мен үчүн кыздын улуту маанилүү эмес. Эң негизгиси мени түшүнгөн, колдогон кыз болсо үйлөнө берем.

— Сиз кыргызча ырларды да жакшы аткарарыңызды айтышат. Кыргыз ырларынын эмнеси жакты? Жакшы көрүп созуп калган ырыңыз барбы? 

— Мен негизи өзүм үчүн эле ырдайм, ырдын чебери эмесмин. Кыргыздын улуттук музыкасынын шаңдуулугун баса белгилегим келет. Ыргактары мени өзүнө тартып турат. Мындан сырткары, патриоттук ырлардын көп болгону жакты. Биринчи жолу Омардын "Энекем" деген ырын угуп, жактырып калгам. Анын ырлары мага аябай жагат. 

— Кыргызча ыр жазып көрдүңүзбү?

Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен - Sputnik Кыргызстан
Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен
— Ооба, даярдоо курсунда окуп жүргөндө бир ыр жазгам. Түрк тили сабагынан чыгып алып, маанайым жок бөлмөгө бардым. Анан башкача бир нерсе жасоону ойлонуп, ыр жазгым келип кетти. Кырк беш мүнөттүн ичинде кыргызча "Ал менин жалгызым" деген ыр жаздым. Анан аны досторума окуп бердим, алар грамматикалык каталарын оңдоп беришти. Ошондон бери ыр жазганга кызыгып жүрөм. Бирок азыр убактым аз болгондугуна байланыштуу колума калем кармай элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0