Мыкты бүтүрүүчүлөр "Алтын тамга" тесттин тапшырат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүОкуучулар экзамен учурунда. Архив
Окуучулар экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тестти ийгиликтүү тапшыргандарга бир нече артыкчылыктар берилип, бүтүрүү экзамендеринен бошотулат. Мындан тышкары, жалпы республикалык тестирлөөдө ар бир предмет боюнча 20 баллдык бонус алышат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бүгүн "Алтын тамга" аттестатын алууга талапкер болгон мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тест болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы республикалык тестти кантип тапшырып, окууга кантип өтүүгө болот?
Бүтүрүүчүлөр беш сабак боюнча — математика, тарых, эне тил (кыргыз, орус, өзбек), химия, өзбек жана орус тилинде окугандар кыргыз тилинен, ал эми кыргыз тилинде окугандар орус тилинен тест тапшырышат.

Бешке татыбаган бүтүрүүчүлөр "Алтын тамга" аттестатын алышпайт. Ал эми тестти эң мыкты тапшыргандар мамлекеттик экзамендерден бошотулуп, бир катар жеңилдиктерди алат.

"Алтын тамга" орто мектепти артыкчылык менен бүткөн бүтүрүүчүлөргө буга чейин берилип келген алтын медалдын ордуна ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0