Илимпоздор: компьютер оюндары жүрөк оорусун күчөтүп, кант диабетин пайда кылат

© AFP / GUILLAUME SOUVANT Компьютер оюнчусу. Архив
Компьютер оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виртуалдык оюнга берилгендердин канында холестериндин көлөмү көп экени байкалган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Компьютер оюндарына берилип кетүү ашыкча салмакты пайда кылып, жүрөк кан тамырларынын алсызданышына алып келет. Бул тууралуу Plos One журналы жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

"Акыркы жылдары жаш балдардын компьютер оюндарына берилип жаткандыгы көп байкалууда. Мындай көрүнүш алардын социалдык жашоосуна гана эмес, ден соолугуна да таасир этери аныкталды", — деп билдирет Калифорния университетинин окумуштуусу Кэтрин Моррисон. 

Эт тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: эттен баш тарткандар көп жашайт
Мындай тыянакка Моррисон менен анын кесиптештери 100 компьютер оюнчуларынын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүүдөн кийин келишкен. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй алгач компьютердик оюндар балдардын уйкусуна таасир эткен. Тагыраагы, алар түнкүсүн уктай албай кыйналышкан. Мындан улам оюнчулар семирүүгө дуушар болушкан. Себеби уйку жетишсиздиги зат алмашуу процессин начарлатып, ашыкча салмак кошууга шарт түзөт. 

Ошондой эле виртуалдык оюнга берилгендердин канында холестерин көбөйүп, кант диабетин пайда кыларын изилдөөлөр көрсөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0