Кыргызстанда жуманын аягына чейин жаан жаайт

Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 10 май — Sputnik. Ушул жуманын акырына чейин маал-маалы менен жаан жаашы күтүлө тургандыгын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

10-11-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Сокулукта нөшөрдөн улам жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды
Бишкек шаарында 11-майда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болушу күтүлөт. 

Ош шаарында 11-май күнү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болот. 

12-13-май күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Ал эми 14-майда күн ачылса, 15-май күнү кайрадан жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0