Быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековТесме кармаган мусулман. Архив
Тесме кармаган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыр түн 2-июлга белгиленсе, Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленет. 

Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт. 

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0