Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт

© Sputnik / Азамат АйтбаевМузейдеги адамдар. Архив
Музейдеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул акция жыл сайын 40тан ашык мамлекетте уюштурулуп, каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара 14-майда саат 20.00дөн түнкү саат 02.00гө чейин уланып, аны манасчылар, эстрада ырчылары коштоп, улуттук оюндар жана башка сынактар уюштурулат.

Маданий иш-чара музейлердин эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

"Музейдеги түн" акциясы жыл сайын 40тан ашык мамлекетте уюштурулуп, каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0