Түштүк Кореядагы жарманкеге кыргыздын колго уютулган айраны жана боорсогу коюлду

© Кымбат МолдокматоваСеул шаарында өткөн "Ынтымак" жарманкесинде Кыргызстандын желеги.
Сеул шаарында өткөн Ынтымак жарманкесинде Кыргызстандын желеги. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сеул шаарында өткөн "Ынтымак" жарманкесине 60 өлкөдөн 300гө чукул команда катышты.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Түштүк Кореядагы бүткүл дүйнөлүк ынтымак жарманкесинде кыргыздын колго уютулган айраны, ысык наны менен боорсогу коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Түштүк Кореяда билим алып жаткан Кымбат Молдокматова билдирди. 

Ынтымак жарманкеси 7-8-май күндөрү Сеул шаарында өтүп, ага 60 өлкөдөн 300гө чукул команда катышкан.

"Иш-чарада ар бир өлкө өзүнүн улуттук кийимдерин, тамак-аштарын жарманкеге алып чыгышты. Кореядагы кыргыздарда эки чатыр тигип, биринде кыргыз сувенирлери коюлса, экинчи чатырда кыргыздын улуттук тамаш-аштары — колго уютулган айран, ысык нан менен боорсок, ашкабак самсысы жана шишкебек коюлду", — дейт Молдокматова. 

Жарманкеге коюлган кыргыз сувенирлери менен тамак-аштары коноктордун кызыгуусун арттырып, аз убакыттын ичинде сатылган.

© Кымбат МолдокматоваТүштүк Кореядагы бүткүл дүйнөлүк ынтымак жарманкесинде кыргыздын колго уютулган айраны, ысык наны менен боорсогу коюлду
1/5
Түштүк Кореядагы бүткүл дүйнөлүк ынтымак жарманкесинде кыргыздын колго уютулган айраны, ысык наны менен боорсогу коюлду
© Кымбат МолдокматоваЫнтымак жарманкеси 7-8-май күндөрү Сеул шаарында өтүп, ага 60 өлкөдөн 300гө чукул команда катышкан
2/5
Ынтымак жарманкеси 7-8-май күндөрү Сеул шаарында өтүп, ага 60 өлкөдөн 300гө чукул команда катышкан
© Фото / Кымбат МолдокматоваЖарманкеге коюлган кыргыз сувенирлери менен тамак-аштары коноктордун кызыгуусун арттырып, аз убакыттын ичинде сатылган
Жарманкеге коюлган кыргыз сувенирлери менен тамак-аштары коноктордун кызыгуусун арттырып, аз убакыттын ичинде сатылган - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жарманкеге коюлган кыргыз сувенирлери менен тамак-аштары коноктордун кызыгуусун арттырып, аз убакыттын ичинде сатылган
© Кымбат МолдокматоваБул иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов келип даам сызганып, ошондой эле кыргыздардын "Биримдик" коомунун өкүлдөрү да келишти
4/5
Бул иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов келип даам сызганып, ошондой эле кыргыздардын "Биримдик" коомунун өкүлдөрү да келишти
© Кымбат МолдокматоваИш-чара аяктагандан кийин кечинде от фестивалы да болгон.
5/5
Иш-чара аяктагандан кийин кечинде от фестивалы да болгон.
1/5
Түштүк Кореядагы бүткүл дүйнөлүк ынтымак жарманкесинде кыргыздын колго уютулган айраны, ысык наны менен боорсогу коюлду
2/5
Ынтымак жарманкеси 7-8-май күндөрү Сеул шаарында өтүп, ага 60 өлкөдөн 300гө чукул команда катышкан
3/5
Жарманкеге коюлган кыргыз сувенирлери менен тамак-аштары коноктордун кызыгуусун арттырып, аз убакыттын ичинде сатылган
4/5
Бул иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов келип даам сызганып, ошондой эле кыргыздардын "Биримдик" коомунун өкүлдөрү да келишти
5/5
Иш-чара аяктагандан кийин кечинде от фестивалы да болгон.

Бул иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов келип даам сызганын, ошондой эле кыргыздардын "Биримдик" коомунун өкүлдөрү да келишкенин Молдокматова кошумчалады. 

Иш-чара аяктагандан кийин кечинде от фестивалы да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0