Премьер-министр Бишкек — Ош жолун оңдоону тапшырды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолду оңдоо иштери. Архив
Жолду оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров учурда Бишкек — Ош жолун калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министрлигине Бишкек — Ош унаа жолун реконструкциялоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган жолдун абалын текшерип чыккан. 

"Министрлик алдына биринчи этапта жолдун 142-155-чакырымын, жалпы жонунан беш чакырымдык тилкени биринчи кезекте оңдоп чыгуу милдеттемеси коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.

Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров учурда Бишкек — Ош жолун калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жатканын, жакын арада аны ишке ашыруу аракеттери башталарын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0