Согуш жылдарында Кыргызстан тууралуу сыр катары сакталган документтер жарыяланат

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын өнөр-жай коргонуусу боюнча документтер жыйнагы кайтадан басып чыгарылды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Биринчи жолу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанда коргонуу заводдорунун курулушу тууралуу сыр катары сакталган архивдик документтер жарыяланат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

"Улуу Жеңиштин 71-жылдыгын утурлай Борбордук мамлекеттик архив "1941-1945-жылдардагы Кыргызстандын коргонуу өнөр-жайы" аттуу документтердин жыйнагын кайтадан чыгарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Документтерден өлкөдө коргонуу заводдорун көчүрүү жана аларды бузуу кандай жүргөнүн көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0