Окумуштуулар: эттен баш тарткандар көп жашайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт тартуу. Архив
Эт тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эт көп жегендер эрте дүйнө салары аныкталган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Такай эт жегендер вегетарианецтерге караганда 3,5 жыл аз жашайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Science Daily басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

АКШнын Аризона штатындагы Мэйо клиникасынын окумуштуулары 1,5 миллион адам катышкан илимий изилдөө жүргүзүп, такай эт жегендер менен вегетарианецтердин ден соологун тыкыр изилдөөгө алышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эт көп жегендер эрте дүйнө салары аныкталган.

Мындай корутунду жүргүзүлгөн алты изилдөөнүн жыйынтыгына таянылып чыгарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0