Бишкекте согуш ардагерлерине сый тамак беришти

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый тамак берди.
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый тамак берди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине түштөнүүдөн сырткары 5 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый тамак берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Улуу жеңиштин 71-жылдыгына байланыштуу уюштурулду. 

"Согуш ардагерлери тылдагы жолдоштору менен кайрадан сый тамак үстүндө чогулуп, маек курууга мүмкүнчүлүк алышты", — деп айтылат маалыматта. 

Биринчи май районунун акимияты тарабынан согуш ардагерлерине 5 миң сом, ал эми тылда эмгектенгендерге 2 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Сый тамактан соң ардагерлерге концерт тартууланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0