КР муфтийи Кытайдын Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан муфтийи Максатбек Токтомушев. Архив
Кыргызстан муфтийи Максатбек Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын муфтийи Кытайда аталган өлкөнүн Ислам ассоциациясынын чакыруусу менен жүрөт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстан муфтийи Максатбек Токтомушев Кытайдын дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Ван Цзоана менен жолугуп, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча пикир алышты. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

"Тараптар эки өлкөнүн достугунун бекемдиги, кызматтык алакаларда тыгыз иш алып баруу жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу туурасында жасала турган иштерди талкуулады",— деп айтылат билдирүүдө.

Бул күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын муфтийи Кытайда аталган өлкөнүн Ислам ассоциациясынын чакыруусу менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0