Москвадан Бишкекке бирөөнүн паспорту менен учуп келген аял кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда аял көрсөткөн паспорт анын тууганына таандык экени аныкталган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Манас" аэропортунан Москва шаарынан башка бирөөнүн паспорту менен учуп келген аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аял Бишкекке кечээ, 5-май күнү учуп келген. Бөлөк бирөөгө таандык документ көзөмөл пунктунан аныкталган. 

Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалган аял ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0