Айдоочуларга Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө солго бурулууга тыюу салынат

Жазылуу
Көчөлөрдүн кесилишиндеги жол белги "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан орнотулууда.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкектин Токомбаев (Түштүк магистралы) менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде сол тарапка бурулууга тыюу салынган жол белгиси орнотулганын мэрия билдирди.

Борбор калаанын көчөлөрүнө өзгөчө жол чийиндер түшүрүлөт
Маалыматка ылайык, Токомбаев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө солго бурулууга түндүк жана түштүк багыттан да тыюу салынат.

Муну менен бирге Исанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн баштап Токтогулга чейинки бөлүгүндө ремонт иштери жүрүп жатканына байланыштуу Чүй проспектисинен Исанов көчөсүнө убактылуу солго бурулууга тыюу салган жол белгиси орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0