Кадыркул Шадыбековдун өмүр жолундагы үч согуш

© Фото / из семейного архива Кадыркула ШадыбековаСогуш ардагери Кадыркул Шадыбеков Исхак Раззаков менен. Архив
Согуш ардагери Кадыркул Шадыбеков Исхак Раззаков менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыркул Шадыбеков согушту өз көзү менен көргөн, бирок ал жөнүндө кеп кылганды жаман көрчү.

Анын кызы Клара болсо суроо бергенден тажачу эмес. Кызыгуусунун аркасы менен ал атасынын ысмын уруу-бүлөсүнүн тарыхында түбөлүк калтырды. 

Кадыркул Шадыбеков үчүн согуш 1937-жылдын 15-сентябрында башталган. Ал Ыраакы Чыгыш аскеринин катарында кызмат өтөгөн. Бул аскер тобу Хасан көлүнүн аймагындагы мамлекеттик чек арада кырдаалдын курчушуна байланыштуу Ыраакы Чыгыш фронту болуп кайра түзүлгөн. 

Ал кезде Кадыркул Шадыбеков Фрунзенин колхоздук-кооперативдик техникумун аяктап, Кызыл-Байрак колхозунда ферма башчысы, Караван райком комсомолунда уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, Ташкенттин юридикалык техникумун аяктоого үлгүргөн. Андан соң Караван жана Кызыл-Жар райондук прокуратураларда катчы, тергөөчү жана ага тергөөчү болуп иштеген. 

© фото из семейного архива Кадыркула ШадыбековаВетеран войны Кадыркул Шадыбеков
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков - Sputnik Кыргызстан
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков

Анын билими жана иш тажрыйбасы командалыктын көз жаздымында калган эмес. Кадыркулду аскердин саясий курамын жакшыртуу үчүн дивизиялык курска жөнөтүшөт. Окуусун аяктап, саясий жетекчи наамын алгандан кийин ал аскер кызматын полктун саясий жетекчиси жана комсомолдук бюронун катчысы катары кызматын улантат. 

Саясий жетекчи Шабданбековдун аскер кийиминде үч чарчы тилке жана жеңинде кызыл жылдыз бар болчу. Эки ай бою ал 40-дивизиянын 18-полкунун курамында Заозерная дөңсөсү менен Хасан көлүнүн ортосундагы согушка катышат. Аскердик аракеттерин Шабданбеков Халхин-Голдо уланткан. Айыгышкан кармаштар Монголиянын мамлекеттик чек арасы менен аталган көлдүн ортосунда өтөт. Кадыркул жоокерлер менен кошо окоп казып, байланышты жөнгө салып, деги эле фронттогу жоокерлер менен офицерлердин жасагандарынын баарын жасайт. Миңдеген ок алардын үстүнөн учуп, тегеректи күйүктүн, коргошун менен темирдин жыты каптап турган. Канча жолу ок чыгарып, канча жолу гранатаны шакегин жулганы анын эсинде жок… Ошондо ага лейтенант наамы ыйгарылып, каармандыгы жөнүндө республикалык гезитке жазышкан.

Улуу Жеңиш күнүн утурлай Чүй облусунда 45 машина автожүрүшкө чыгат
Бирок ал үчүн согуш жаңы гана башталып, 1940-жылы Шадыбековду Түндүк-Батыш фронтуна карелиялык финдер менен согушка жөнөтүшөт. Кызыл Армия чоң жоготууларга учурап, командачылыктын жоокерлерди жабдууну уюштуруу, аскер техникасы жана ок-дары менен камсыз кылуу иштериндеги кемчиликтери жоокерлерге кедергисин тийгизип жаткан. Командачылык курамдын даярдыгында олуттуу көйгөйлөр аныкталып, согуш жүргүзүү жагынан аскерлердин билими жок болчу. Анан калса, Финляндияны батыш өлкөлөрү колдоп турган.

Кадыркулду командирлердин кыска мөөнөттүү курсуна киргизишет. Алган билимин ал жеке курамга берип, лыжачылардын отрядын түзүп, жерди миналардан тазалоо ыкмаларын иштеп чыгат, тосмолордон, доттор менен дзоттордон өтүүнү, күйгүзүүчү аралашмаларды колдонууну үйрөтөт…

© фото из семейного архива Кадыркула ШадыбековаВетеран войны Кадыркул Шадыбеков
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков - Sputnik Кыргызстан
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков

Ак финдерди 1940-жылы ноябрда жеңгенден кийин Шадыбеков демобилизацияланып, мекенине кайтат. 25 жаштагы офицер күч-кубатка толуп турган кези, анын өстүнө ишеними, көз карашы, кайрат-дымагы бекем болчу. Бирок алдыда эмнелер күтүп, кандай жоготуулар турганын ким билмек эле…

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Кадыркул Фрунзе шаарында Кыргыз ССРнин прокуратурасынын атайын бөлүмүндө прокурор, андан соң ИИЭК (НКВД) бөлүм башчысы болуп иштеп жаткан. Эч ойлонбостон, ал фронтко жөнөтүү өтүнүчү менен комиссариатка арыз жазат. 1941-жылы 7-декабрда лейтенант Шадыбеков аскер кызматына кайра чакырылып, Ленинград фронтунун 67-аскерине жөнөтүлөт.

Кадыркул биринчи жолу согушту көрбөсө да, ошол кезде болуп жаткан окуяны толук түшүнүү үчүн тажрыйбасы жетпей жатты. 1941-1942-жылдардын кышында Шадыбековдун пулеметтук ротасы Пушкино шаарынын алдында окоптордо жайгашкан эле. Фашисттер 100-150 метр аралыкта болчу. Шамалдын жели ачка жоокерлерге консервалардын жытын, курсактары ток немистердин үндөрүн, кыяктын добушун жеткирип жатты… Бардык сезимдер мокоп калса да, ачкачылыкка чыдоо мүмкүн эмес эле. Баарынан да Ленинграддын күйүп жатканын көрүш кыйын болчу.

Улуттук опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ырлар опера балет театрында жаңырат
Блокаданын жана фронттогу кыйынчылыктарды Кадыркул башка жоокерлердей эле көтөргөн. Ротанын аскердик даярдыгы, техника менен курал-жабдыктардын сакталышы, жеке курамдын моралдык маанайы командирдин жеке үлгүсүн жана чоң жоопкерчилигин талап кылган. Атайын операциялардын биринде генерал-майор В. Ястребовдун буйругу менен Шадыбеков башчылык кылган чалгынчылардын тобу "тил" кармап келет. Андан алынган маалыматтар өтө баалуу болуп, чалгынчылар сыйлыкка көрсөтүлөт. Кадыркул ошондо Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. 

Бирок согуш эч кимди аяган эмес. Ага лейтенант Шадыбеков эки жолу жарадар болуп, командачылык аны штаб иштерине аргасыз которот. 1942-1944-жылдары ал 142-өз алдынча аткычтар деңиз бригадасынын аскер прокурору, андан соң Ленинград фронтунун 42-аскеринде 72-аткычтар дивизиясынын аскер тергөөчүсү болуп иштеген. Каармандык жана эрдиги үчүн ал Ата мекендик согуш ордени жана Ленинградды коргогондугу үчүн төш белгиси менен сыйланат.

Жеңиш күнүн Кадыркул Шадыбеков Прибалтика аскер аймагынын курамында Литва менен Латвиянын кылмыштуу топторуна каршы күрөшүп жүрүп Кенигсбергде тоскон. Фашизмди кыйратууда кошкон салымы Кенигсбергди алгандыгы жана Германияны жеңгендиги үчүн медалдары менен да белгиленген.

© фото из семейного архива Кадыркула ШадыбековаВетеран войны Кадыркул Шадыбеков
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков - Sputnik Кыргызстан
Ветеран войны Кадыркул Шадыбеков

Тогуз жыл аскерде кызмат өтөп, үч жыл согушка катышкандан кийин Кадыркул 1946-жылы өз шаарына кайтат. Ал арада атасы дүйнөдөн кайтып, бир тууганы Нуркул дайынсыз жоголуп, ал эми кичинекей Танзиля өз атасын тааныбай бейтааныш кишини көргөнсүп, корко карайт… Бирок жашоо бир орунда турбайт эмеспи, эми тынчтык күндөргө көнүш керек эле.

Кадыркул партиялык жана чарба иштерине баш-оту менен кирип, Жалал-Абад облусунун Караван районунда аткаруу комитет башчысынын орун басары, райкомдун айыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. 1949-1951-жылдары Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин административдик бөлүмүн жетектеген. 1955-жылы БКП (б) Жогорку партиялык мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин ал Жалал-Абад обком партиясынын биринчи катчысы болуп дайындалат.

Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылган жок
Ар кайсы убактарда Шадыбеков Кадыркул Ачы, Жаңы-Жол, Базар-Коргон райком партияларын жетектеген, Кызыл-Үңкүр токой чарбасын жана Караван совхозун башкарган. Анын жетекчилиги астында Караван айылына суу системасы киргизилип, оорукана тургузулган, жолдор салынып, Ит-Агар аркылуу көпүрө, мектептер, маданият үйү курулган… Ал башчылык кылып турганда Жалал-Абаддын тегерегинде мисте бактары тигилип, курортко карай жол салынган.

Эл чарбасынын түрдүү тармактарындагы ийгиликтүү иши үчүн партия менен өкмөт аны эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлаган. Шадыбеков коомдук чоң иштерди да аткарып, Кыргыз ССРнин Жогорку Советине депутаттыкка шайланган.

Баатырдын ысмын Кербендин бир көчөсү алып жүрөт. Анын айкели Даңк аллеясында тургузулган.

…Жылдар өтүп, көп нерселер жоголуп, изи суюлуп баратат. Адам өмүрү да түбөлүк эмес. Аны эстелик гана узартат, эстелик гана убакытты жеңе алат.

Байыркылар "Эгер согушту унутпасаң, көп жек көрүү пайда болот. Согушту унутсаң, жаңысы башталат" деп бекеринен айтышпаса керек…

Жаңылыктар түрмөгү
0