Атамбаев: Конституцияга бул жылдары акылга сыйбаган эксперименттер жүргүзүлүп келди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев элди Конституция күнү менен куттуктап, өлкө тагдыры үчүн ар бири кыргызстандык жоопкер экендигин айтты.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев элди Конституция күнү менен куттуктап жатып, бул жылдары Баш мыйзам эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оӊдолуп-түздөлүүгө дуушар болгондугун айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

"Көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан бери 23 жыл өттү. Бул жылдары өлкөбүздүн негизги мыйзамынын үстүнөн бир катар акылга сыйбаган эксперименттер жүргүзүлүп, эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оӊдолуп-түздөлүүгө дуушар болду", — деп айткан Атамбаев.

Мамлекет башчы Конституция элибиздин рухуна шайкеш келип, өнүгүү жолуна жарык чачкан шам болууга тийиштигин белгилеген.

Жаштар кыргызстандыктарды "Конституция менен жашоого" чакырды
"Турмуш баарын орду-ордуна коюп жатат: мыйзамдардагы биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат жана жасалма таӊууланган нерселер өзүнөн-өзү жокко чыгып, тескерисинче, мыйзамдарыбыз Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген эрежелер жана жоболор менен толукталууда. Бир гана эл мыйзамдарыбызды өнүгүүгө өбөлгө болгудай, адамдарыбыздын үмүт-тилектерине шайкеш кылып жасай алат",— деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев өлкө тагдыры үчүн ар бири кыргызстандык жоопкер экендигин айтып, Конституция күнү менен куттуктаган.

"Баарыбыз тең Мыйзам боюнча, Ыйман жана Абийир менен жашоого милдеттүүбүз! Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине жол чабалы", — деген Атамбаев.

Ал элге бакыт-таалай, ден соолук жана бакубатчылык каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0