Бишкекте "Кылым карыткан Кыргыз радиосу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКитепканадагы окурман. Архив
Китепканадагы окурман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган радио бирикме 1931-жылы 19-декабрда түптөлгөн.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн "Кылым карыткан Кыргыз радиосу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөзү өтөт.

Манас айтуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз радиосунан эки күн бою тынбай Манас жаңырат
Иш-чара Кыргыз радиосунун бирикмесинин 85 жылдык юбилейине арналат. Аталган радио бирикме 1931-жылы 19-декабрда түптөлгөн. Кыргыз үнүн эфирге алып чыккан алгачкы дикторлор белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз эл артисти Алиман Жангорозова жана жазуучу Касымалы Бектенов болгон.

Учурда Коомдук биринчи каналдын "Кыргыз радио бирикмесинде" беш станция иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0