Таластын 110 имамы Жалал-Абадда окуп жатат

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда имамдар Куран, хадис, фикх, акыйда, ислам арыхы, укук боюнча билимдерин арттырууда.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Талас облусунун 110 имамы Жалал-Абад шаарында уюштурулган эки жумалык окуу курсунан өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чара "Ыйман" фонду тарабынан уюштурулуп, алгачкы сабак убакытты туура пайдалануу жана мечиттин финансылык кагаз иштерин туура жүргүзүү боюнча өттү. 

"Алдыда Куран, хадис, фикх, акыйда, ислам арыхы, укук жана башка бир топ сабактар окула турганы маалым болду", — деди Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым Сыдыков. 

Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев имамдар менен жолугушуп, окуунун максаты жана пайдасы чоң экенине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0