WhatsApp жаңы функцияларды кошот

© flickr.com / Jan PersielМобильное приложение WhatsApp
Мобильное приложение WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары программанын колдонуучулары үн коштогон почта, кайра чалуу функцияларын колдонуп, ZIP-файлдарды ача алат.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. WhatsApp тиркемесине дагы үч функция кошулат. Бул тууралуу Phone Radar порталы кабарлайт. 

Электрондук терминал ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Электрондук саламаттык сактоо программасын бекитти
Маалыматка ылайык, жаңыланган мессенджерде үн коштогон почта (колдонуучулар үнүн жаздырып, чалуу учурунда жөнөтө алат), кайра чалуу (алынбай калган чалуулар көз жаздымда калбаш үчүн программаны ачпай туруп эле кайра чалуу) жана ZIP-файлдарды (PDF, VCF, DOCX жана DOCS) ачкан функция кошулат. 

Программанын жаңылануусу Android жана iOS платформасында ишке кирет. 

WhatsApp программасынын видео чалуу кызматын качан киргизилиши азырынча айтыла элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0