Кыргыз милиционерлери эл аралык турнирде бир алтын, бир коло тагынышты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСамбо. Архив
Самбо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Россиядан барган спортчулар күч сынашты.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Тажикстандын Хожент шаарында өткөн спорттун самбо жана дзюдо түрү боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар мыкты аталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы билдирет. 

Россияда өткөн волейбол турниринде "Ош" командасы биринчиликти илип кетти
Агы ылайык, 29-апрелден 1-майга чейинки өткөн мелдеште Жалал-Абад ОИИБнын тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн даярдык боюнча ага тергөөчү милициянын капитаны Кубанычбек Көкүмов 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында самбо боюнча 1-орунду багындырса, ушул эле спорттун 74 килограмм салмак категориясында Кубатбек Орозбеков 3-орунду ээледи.

Турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Россиядан барган спортчулар күч сынашты.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0