УКМК кызматкерлери экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнү үйрөнүштү

© пресс-служба фонда "Ыйман"УКМК кызматкерлери диний окуу учурунда
УКМК кызматкерлери диний окуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диний окутуулар экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында 25-30-апрель күндөрү өткөн.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактардагы УКМК кызматкерлери диний окуудан өттү. Бул тууралуу "Ыйман" коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, диний окутуулар экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында 25-30-апрель күндөрү болгон. 

"Азыркы убакта экстремисттер менен террористтер динге жамынуу менен согуштук аракеттерди жүргүзүп жатышат. Мындан улам окууда терроризм менен диндин айырмачылыктары тууралуу кенен маалыматтар берилди", — деп айтылат маалыматта. 

УКМК кызматкерлерине "Салттуу исламдын негиздери", "Исламдын багыттары", "Радикалдык исламдын көз карашы менен", "Исламдын негизги түшүнүктөрү менен терминдери" жаатында окуулар өтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0