"Каркыра" кайрадан ачылат

Жазылуу
Көзөмөл өткөрүү жайы эртең мененки 08.00ден кечки 18.00гө чейин иштейт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы 1-майдан тарта кайрадан ачылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагынында жайгашкан "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы эртең мененки 08.00ден кечки 18.00гө чейин иштейт. 

Кыргыз, казак өкмөттөр арасындагы мамлекеттик чек аралар аркылуу өткөрүү келишиминин негизинде "Каркырадан" автоунаалар жана эл ары-бери каттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0