Кыргызстандыктар интернет аркылуу дипломдун аныктыгын текшере алат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча базага 2004, 2005, 2009, 2011 жана 2013-жылдардагы маалыматтар киргизилди.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Электрондук кызматтар порталында дипломдун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк жаралгандыгы тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Документтерди текшерүү рубрикасын www.e.srs.kg сайтынан тапса болот. 

Азырынча базага 2004, 2005, 2009, 2011 жана 2013-жылдардагы маалыматтар киргизилди. Бардыгы болуп 162 миң документ каттоого алынды. 

Билдирүүдө жакынкы аралыкта маалымат базасына дагы бир нече миң документ киргизилгени жатканы тууралуу айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0