Чүйдүн Бурана айылына жааган мөндүр 2 млн. сомдук зыян алып келди

CC BY 2.0 / Vanerpaddel / HailМөндүр. Архив
Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаан аралаш жааган мөндүр айыл-чарба өсүмдүктөрү тигилген айдоо аянттарына эбегейсиз зыян келтирген.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Бурана айылына 26-апрелде жааган мөндүр дээрлик 2 миллион сомдук зыян келтиргенин ӨКМ билдирди.

Сузак районунда кайрадан жер көчтү
Маалыматка ылайык, катуу жаан аралаш түшкөн мөндүрдүн кесепетинен Бурана айылында 25,34 гектар соя, 2,20 гектар кызылча, 11,70 гектар кулпунайга зыянга учураган. Ал эми Дөң-Арык жана Алга айылдарында дагы айыл-чарба өсүмдүктөрү жабыркаган.

Аймактагы Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан Бурана, Алга, Дөң-Арык айылдарында мөндүр келтирген зыянды тактоо иштери жүргүзүлүп, материалдык чыгым 1 миллион 956 миң 836 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0