Бишкекте 40тан ашык тез татым түйүндөрү санитардык талаптарга жооп бербейт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүШаурма сатуучу жай. Архив
Шаурма сатуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык талаптарга жооп бербеген тез татым түйүндөрүнө административдик кодекс боюнча протоколдор түзүлдү.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери тез татым түйүндөрүнө рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Адис: көчөдө сатылган жүгөрү, вата, конфеттерден сарык оорусун жуктуруп алса болот
Рейд 28-апрелде жүргүзүлгөн. 

Текшерүү учурунда инспекция 34 түйүндүн ээсине эскертүү берген. Ал эми Бишкектин борбордук аймактарында жайгашкан бир катар тез татым түйүндөрү санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн административдик кодекс боюнча протоколдор түзүлдү. 

Жалпысынан 43 тез татым түйүнү санитардык талаптарга жооп бербей тургандыгы аныкталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0