Кайгуул милициясы жалган номерлүү Hyundai унаасына издөө жарыялады

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКүмөндүү BB-8080 тагып жүргөн Hyundai Sonata унаасы
Күмөндүү BB-8080 тагып жүргөн Hyundai Sonata унаасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милиция башкармалыгы унаанын номери жасалма экенин тастыкташты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Окурман WhatsApp номерге күмүш түстөгү Hyundai Sonata унаасы күмөндүү BB-8080 номерин тагып жүргөнүн билдирди.

"Унаа номеринде мамлекеттик символ (желек) көрсөтүлгөнү менен ал туура эмес жайгаштырылган", — деп жазат окурман.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлери шаарда машиналарды кууганга акысы барбы?
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы унаа номери жасалма экенин тастыктап, ал издөөгө алынганын билдирди.

Мыйзам боюнча унаа номери жок болсо, майда тамгалар менен жазылып окулбаса, атайылап бети жабылган болсо 5 миң сом көлөмүндө айып пул салынат. Ал эми унааларга жасалма номер жасоо фактысы боюнча иш тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Эгер сиз кайсы бир окуяга күбө болуп, сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, маалыматты биздин +996 706 566 544 Whats App номерибизге жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0