Көчкү алдында калган 16 жашар баланын үй-бүлөсүнө өкмөт да кол сунду

Жазылуу
Сузак районунун Башы тилкесинде 27-апрелде кечинде саат 18.00дөр чамасында жер көчкү жүрүп, алты турак жайды жана 16 жашар баланы басып калган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн резервдик фондунан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкүдөн каза болгон Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө 50 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле премьер-министр өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жер көчкү коркунучу сакталган аймактардан жарандарды көчүрүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Буга чейин президент да каза болгон 16 жаштагы баланын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0