Кыргызстанда окуучулардын 40 пайызы пин-номерге ээ болушту

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин эки миллионго жакын окуучуга пин-номер берүү пландалган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өлкө боюнча мектеп курактагы окуучулардын 40 пайызы пин-номерге ээ болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин орто мектептин окуучуларына жеке идентификациялык номерлер ыйгарылары айтылган. Берилген номерлер окуучулардын ата-энесинин паспортундагы ИНН номерине байланыштуу болот. Эки айдын ичинде бир миллионго жакын окуучуга идентификациялык номер берүү пландалып жаткан.

Пин номер деген эмне? 

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: окуучулардын 7%нын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок
Пин-номер бир адамга өмүрүндө бир эле жолу берилет. Ал жаңы төрөлгөн баладан 11-класстын окуучусуна чейин ыйгарылат. Персоналдык номери жок бала Кыргызстанга тиешеси жок болуп эсептелип, эч бир документ алалбай калат. Пин-номер кагаз түрүндө берилбейт, ал маалымат базада гана сакталуу болот. Пин-номери бар бала 16 жаштан жогору болсо, ата-энеси жок өзү эле барып паспорт ала алат. Ал башка адамдын атынан паспорт алып албашы үчүн биометрикалык маалыматы текшерүүгө алынат. Бул системанын негизги максаты жалпы калктын так санын көзөмөлгө алуу болуп эсептелет.

Учурда республика боюнча мектеп окуучулардын 40 пайызына пин-номерлер берилди. 

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 38 пайыз, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында — 40 пайыз, Нарын — 41 пайыз, Ош шаары — 39 пайыз, Ош облусу — 35 пайыз, Талас облусу боюнча — 32 пайызды түздү. 

Эгер ата-эненин маалыматтары окуучунун өздүк ишинде (делосунда) жок болуп калса, анда мектеп администрациясы ата-энелерге кайрылат. Билим берүү жана илим министрлиги иш-чарага активдүү катышып берүүгө чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0