Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда ачылат

Жазылуу
Ачылыш салтанаты Чолпон-Ата шаарында өтүп, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун утурлай Issyk-Kul ITF- 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү уюштурулат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Быйыл жайкы туристтик сезон 7-майда ачылып, "Салам, Ысык-Көл" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ысык-Көлдө эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ: Кыргызстан туристтер көп келе турган мамлекеттердин көч башында
Ага ылайык, ачылыш салтанаты Чолпон-Ата шаарында болот. Андан сырткары, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун утурлай Issyk-Kul ITF- 2016 эл аралык туристтик көргөзмө уюштурулат. 

Ошондой эле салтанаттын алкагында Google компаниясынын өкүлдөрү туристтик бизнести өнүктүрүүдө онлайн мүмкүнчүлүктөр жана картографиялык долбоорунун бет ачары өтөт.

Быйыл 18-ирет өтүп жаткан "Салам, Ысык-Көл" фестивалына катышкандар 20 мамлекеттин тамактарынан даам сыза алат. Күндүз көңүл ачуучу маданий иш-чаралар өтсө, кечинде Issyk-Kul awards сыйлыгын тапшыруу аземи болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0