БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Министрлер элге жана журналисттер үчүн ачык болушу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев парламенттин жыйынында өкмөт башчыга суроо берип жатып билдирди.
Депутаттын айтымында, айрым министрлерди карапайым калк эмес эл өкүлдөрү өздөрү да тааныбайт.
"Эски адамдар менен жаңы кадамды баштадыңыз. Ишиңизге ийгилик. Кечээ күнү сиздин өзүңөрдү пиар кылбагыла деп айтканыңызды министрлер туура эмес түшүнүп, элге жана журналисттер үчүн жабык болуп калбасын. Көпчүлүк министрлер журналисттер үчүн жабык. Алар ай сайын, жума сайын суроолорго жооп берип туруусу керек. Мисалы айыл чарба министри эмнени эгүү керектигин айтып турушу керек болчу", — дейт депутат.
Ал министрлердин жупуну болгону жакшы деген пикирин айтты.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт курамы депутаттарга отчет берүүдө.