Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара Кытайда майрамдалчу эмгек күнүнө карата жабылып жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Кытай Эл Республикасында майрамдала турган "Эмгек күнүнө" карата чек араны убактылуу жабуу кытай тараптан сунушталган. 

"30-апрелден 2-майга чейин чек ара аймагында жайгашкан Торугарт менен Эркеч-Там унаа жолдору жабылат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Унаалар 3-майдан тарта өткөрүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0