Турсунбеков менен Масалиев: төрагалыкка талапкерлер тууралуу фактылар

© пресс-службаКандидаты в спикеры Чыныбай Турсунбеков и Исхак Масалиев.
Кандидаты в спикеры Чыныбай Турсунбеков и Исхак Масалиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Жогорку Кеңештин спикерлигине талапкерлигин коюп жаткан депутаттардын жашоосу тууралуу бир нече фактыларды жыйнады.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш өз отурумунда спикерди шайлоо маселесин карап жатат.

Жумуш ордундагы портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрага деген ким? Кыргызстандын тарыхындагы төрагалар таржымалы
Төрагалыкка КСДП, "Ата Мекен" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары Чыныбай Турсунбековдун, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Эскерте кетсек, парламенттин спикери мамлекеттеги экинчи адам болуп эсептелинип, президент жокто анын милдетин аткарат. Sputnik Кыргызстан өз окурмандарына эки талапкердин билими, ишмердүүлүгү жана жашоосундагы кызыктуу фактылар тууралуу айтып берүүнү чечти.

Акын, котормочу жана ишкер Чыныбай Турсунбеков 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Депутат Чыныбай Турсунбеков

 

  1. Турсунбеков 55 жашта. Ал 1960-жылы 15-октябрда Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. Үч баланын атасы;
  2. Филология илимдеринин кандидаты, Дипломатиялык академиянын бүтүрүүчүсү;
  3. Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басылмасынын редактору, башкы редактору болуп баштаган. Андан кийин мугалим болуп иштеп, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин деканы болгон;
  4. 1993-жылдан тарта 1997-жылга чейин Түркияда иштеген. Алгач Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү болгон. Андан соң Кызматташуу жана өнүгүү боюнча түрк башкармалыгында Кыргызстан боюнча адистигин аркалаган. Ошол эле маалда "Азаттык" радиосунун Түркиядагы кабарчысы болгон;
  5. Бизнес менен 13 жыл алектенген. 1997-жылдан 2010-жылга чейин беш компаниянын башкы директору болгон. Алардын көпчүлүгү атасынын урматына "Акун" деп аталган. Менчик компаниялардын катарында ун комбинаты, пансионат жана суусундук чыгаруучу фирма болгон. 1999-жылы "мыкты ишкер" деп табылган;
  6. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты. Өткөн чакырылышта КСДП фракциясынын лидери болсо, азыркы чакырылышта көпчүлүк коалицияны жетектеп келет.
  7. Бизнес менен депутаттык ишмердүүлүктөн тышкары акын жана котормочу катары белгилүү. 1989-жылы Пицундада өткөн Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты, СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү, Жүрөктөгү жаңырык" (1985), "Шаарда жоголгон сөз" (1993), "Жалын тоо" (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору.

Коммунист Исхак Масалиев 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Исхак Масалиев
Депутат Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Исхак Масалиев

  1. Масалиев атаандашы сыяктуу эле 55 жашта. 1960-жылы 21-майда Ош шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы;
  2. Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы Апсамат Масалиевдин уулу;
  3. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1994-жылы ошол эле университеттин "укук таануучу" адистигин алган;
  4. 1989-жылдан 1993-жылга чейин Ош облусунун ички иштер органдарында кызмат өтөгөн;
  5. 2010-жылдын май айында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан баш аламандыкты уюштурууга шектелип камакка алынган. 2011-жылдын мартында соттун чечими менен акталган;
  6. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеген;
  7. Алтынчы чакырылыштын депутаты болуп шайлангыча "Кыргызстандын коммунисттик партиясынын" лидери болгон.

Буга чейинки спикер Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөндөн кийин өз эрки менен кызматынан кеткен. 

Өткөн жумада болгон төраганы шайлоо учурунда талапкерлигин койгон Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев 51ден добуш алып, жарыштан четтеп калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0