Айрым депутаттык артыкчылыктан баш тартуу долбоору комитетте каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар бардык эл өкүлдөрүнүн материалдык мүмкүнчүлүгү теӊ эмес экенин эске салып, кээ бир жагдайларды кайра карап чыгуу сунуштарын беришти.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин эки комитети парламенттин депутаттарына берилүүчү артыкчылыктарды кайрадан ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан демилгенин концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Долбоор парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Жээнчороев ушу тапта республикалык бюджетке кыйла оорчулук келип жаткандыктан, бюджет чыгымдарын кыскартуу маселесине өзгөчө көӊүл бурула турганын айтты. 

"Сунушталган мыйзам долбоорунда кызматтык турак жай, автомашина сындуу бир катар артыкчылыктардан баш тартуу, тейлөө кызматынын штаттык бирдигин кыскартуу, Иш башкармалыгын жоюу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу чаралары каралган", — дейт ал.

Демилгечи депутат мурда Жогорку Кеӊештин мындай токтому кабыл алынганын эске салып, азыр аны мыйзам түрүндө бекитүү аракети жасалып жатканын кошумчалады. 

Айрым депутаттар бардык эл өкүлдөрүнүн материалдык мүмкүнчүлүгү теӊ эмес экенин эске салып, кээ бир жагдайларды кайра карап чыгуу сунуштарын беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0