Атамбаев: Чернобыль кырсыгы менен аны жоюуга катышкандар түбөлүк эсте сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1986-жылы 26-апрелде Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, АЭСке жакын жайгашкан шаарларда жашагандар бир күндүн ичинде көчүрүлгөн.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев өз сөзүндө арадан 30 жыл өтсө да бүгүн дүйнө жүзүндө ХХ кылымдагы эң чоң кыйроону, өмүрүн жана ден соолугун аябастан радиациялык кырсыкка каршы күрөшкөндөрдү эскерип жатканын белгиледи.

"Авариянын кесепетттерин жоюуга беш миң кыргызстандык катышкан. Азыр алардын бир жарым миңден бир аз ашыгыраагы эле калды. Тилекке каршы, көптөгөн "чернобылчылар" нурлануудан жана радиациянын өтө көп өлчөмүнөн улам каза болушту. Алардын элеси түбөлүккө сакталат! Чернобыль АЭСиндеги трагедия жана бул эр жүрөк адамдар жөнүндө эч качан унутпашыбыз керек", — деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Өлкө башчысы Чернобыль АЭСиндеги трагедиянын 30 жылдыгына байланыштуу 46 миллион сомдон ашык жөлөкпул бөлүнгөнүн кошумчалап, коркунучтуу авариянын кесепеттерин жоюп, бүтүндөй Жер шарын сактап калган адамдардын турмуш шартын жеңилдетүү үчүн мындан ары да бардык аракеттер көрүлөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0