Бишкектин мэри квадроцикл айдап, байкерлердин көч башында болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байкерлердин мотожүрүшү маалында
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байкерлердин мотожүрүшү маалында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашуун байкерлер эки дөңгөлөктүү унааны башкаруу ыкмасын сезондун ачылышында көрсөтүп беришти.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байкерлердин мотожүрүшү маалында квадроцикл айдап өттү.

Бишкек мэри, капитан Америка жана "Хеллбой" — мото жүрүштөгү кадрлар
Ишемби күнү борбор калаадагы Жеңиш аянтынын жанында быйылкы мото сезондун ачылышы өтүп, ага Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашуун байкерлер катышты.

Иш-чараны Кыргызстандын мотоциклчилеринин коомчулугу уюштурду. Жыл сайын өтүп келген жүрүш эки дөңгөлөктүү унаалар үчүн жол коопсуздугун камсыздоону жана аталган спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0