Өкмөт башчы: лаборатория кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков алыскы аймактын тургундары үчүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында башка калктуу пункттарда да лабораториялар түзүлүшү зарыл экенин айтты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Лаборатория кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарыл экенин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мал чарба, өсүмдүк продукциясын экспертизалоо жана ылаңдардын алдын алуу лабораторияларынын иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Жээнбеков "Актилек" пунктунун элди өткөрүү процедурасын жакшыртууну тапшырды
Өкмөт башчы аталган лабораториядан тышкары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана оорулардын алдын алуу департаментине, Өсүмдүктөр карантини боюнча борбордук лабораторияга барды.

Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертизалоо борборун кыдыруу учурунда Жээнбеков алыскы аймактын тургундары үчүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында башка калктуу пункттарда да лабораториялар түзүлүшү зарыл экенин айтты.

Ошондой эле ал 1-августка карата ЕАЭБ талаптарына ылайык, лабораторияларды толук сертификаттоодон өткөрүү боюнча тийиштүү ишти жыйынтыктоо милдетин койду.

"Бул жумушту көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүү керек, анткени лабораториялардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн ЕАЭБ алкагында алты миллион доллар каралган", — деди өкмөт башчы. 

Аталган каражаттын үч миллиону Ош облусундагы борбордун ушул сыяктуу лабораторияларын модернизациялоого бөлүнөт.

Жээнбеков карантиндик объектилер очогун аныктоо жана жоюунун ыкчамдыгын жогорулатуу максатында өсүмдүктөрдүн ички жана тышкы карантинин бириктирүү мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Бири бээ, бири төө деп жыйынтык чыгарган лабораторияларга министрлик чара көрө албайт
Ошону менен бирге лаборатория кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылдыгына басым жасады. Лаборатория директорунун орун басары Амангелди Исаев белгилегендей, тармактагы негизги көйгөй катары кесипкөй адистердин тартыштыгы болуп саналат, анткени төмөнкү айлык акынын эсебинен кадрлар коңшу мамлекеттерге агылууда.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана оорулардын алдын алуу департаментинде премьер-министрге эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган лабораториялардын иши көрсөтүлдү. Лаборатория кызматкерлери жабдуулардын ар кыл бөлүктөрүн алуу эрежелерин кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Мында негизги көйгөй катары адамдын ДНКсын толук анализдөөгө керектүү жабдуунун жетишсиздиги айтылды.

Лабораториялардын иши менен таанышуу жыйынтыгы боюнча Жээнбеков өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө айтылган маселелерди иликтеп, жакынкы арада премьер-министрдин кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0