Баш прокурордун бир тууганы нашаа менен Казакстандан кармалганын четке какты

Жазылуу
Эрмек Жолдубаев анын аброюна бир тууган эжесине басым жасоо үчүн шек келтирилип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Баш прокурор Индияра Жолдубаеванын иниси Эрмек Жолдубаев "Кордай" өткөрүү пунктунан нашаа менен кармалгандыгы тууралуу маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: колонияда соттолгондордун 8 пайызы — баңгилер
Буга чейин Казакстандын Чек ара кызматы 9-апрелде өлкөгө бараткан 29 жаштагы Эрмек Жолдубаевдин нашаа менен кармалганын тастыктаган. Сотко чейинки иликтөө иштеринин материалдары ошол эле жума күнү Кордай райондук прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жолдубаевдин айтымында, апрель айын ал толугу менен Бишкектен өткөргөн. Ал буга бир катар документалдык далилдер бар экенин белгилейт. Мисалы, анын уюлдук номери Кыргызстандын аймагында активдүү болгон. 

"Эжеме мен аркылуу басым жасоо аракети жүрүп жатат окшойт. Түзүлгөн кырдаалдын жоопкерчилигин да, кесепеттерин да түшүнүп турам. Менин үй-бүлөм, балам бар, Улуттук университетте сабак берип иштейм, саясатка тиешем жок", — деди Жолдубаев.

Ал анын аракеттерине өзү гана жооп бере турганын белгилеп, эжеси да, башка туугандары да анын жоопкерчилигин ала албай турганын кошумчалады. 

Жолдубаев абал анын эжеси ээлеген кызмат менен байланышта каралып, үй-бүлөсүнө көө жабылып жатканына нааразы экенин айтты.

"Мен коомчулуктан жана маалымат каражаттарынан кутумчулукка жетеленбей, абалды саясатташтырбоого чакырам. Жакын арада бул иштин чоо-жайы такталат. Объективдүүлүк үчүн бардык журналисттерге ыраазычылык билдирем", — деди баш прокурордун иниси.

Баңгизатттарды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шейшембиде баңгизат менен күрөшүүдөгү эл аралык операциялар талкууланат
Эскерте кетсек, оппозициялык саясатчы Адил Турдукуловдун Facebook баракчасында Кордай РИИБинин маалыматы делип, 29 жаштагы Эрмек Жолдубаев аттуу кыргызстандык жарандын кармалгандыгы тууралуу айтылган сүрөт жайгаштырылган. 

Тинтүү учурунда Жолдубаевдин шымынын чөнтөгүнөн 2,3 грамм нашаа табылганы тууралуу айтылат.

Ал эми Башкы прокуратура Интернетте пайда болгон бул маалыматты ошол эле күнү четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0