Жээнбеков "Актилек" пунктунун элди өткөрүү процедурасын жакшыртууну тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" көзөмөл пунктунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы Актилек көзөмөл пунктунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" пунктуна барып, анын иши менен жакындан таанышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" көзөмөл пунктунун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн Жээнбеков аталган пункттун иши менен таанышып, жеринде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаевдин маалыматын укту. 

Өкмөт башчы чек арадан өтүп жаткан эл менен баарлашып, алардын документтерди толтуруу мезгилинин узактыгына жана узун кезекке болгон дооматын укту. 

"Премьер-министр тийиштүү органдарга көзөмөл пунктунун инфраструктурасын жакшыртууга тапшырма берди. Муну менен бирге Экономика министрлигине бажы органдарынын кеңселерин Чек ара кызматынын балансына өткөрүү боюнча иштерди тездетүүнү милдеттендирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Транспорт министрлигине аталган өткөрүү жайында кошумча көпүрөнүн курулушун аяктоону тапшырып, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө аталган көпүрөнү казак тарап менен биргелешип куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0