БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Чехия аскерлери Кант шаарындагы ЖККУ базасында болуп кайтышты деп билдирди уюмдун маалымат кызматы.
Иш сапар 2011-жылы кабыл алынган "Ишеним менен коопсуздук чараларын бекемдөө" деп аталган Вена документинин алкагында өттү.
Рейддин жүрүшүндө келген тараптан эскертүүлөр, сын-пикирлер айтылган жок. Чет элдик аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү аба базанын ишмердүүлүгү боюнча брифингге катышты.
ЖККУга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө. Уюмга алгач Өзбекстан да кирип, бирок 2012-жылдан бери мүчөлүгүн токтоткон. Келишим мөөнөтү ар бир беш жылда жаңыланып турат.