Бишкектин айрым бөлүктөрүндө газ бир күнгө өчүрүлөт

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекГаз трубасын оңдоо иштери. Архив
Газ трубасын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от менен камсыздаган ишкана жаратылган ыңгайсыздык оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Кыргызстан" жаңы конушунда көгүлтүр от бир күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, газ 25-26-апрелде Панфилов, Школьная, Гоголь жана Сельская көчөлөрүндө өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы жаратылган ыңгайсыздык оңдоо иштерине байланыштуу экендигин билдирип, жарандардан кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0