Министр поликлиника жетекчисин кош бойлуу айымдан кечирим суратты

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтапкананын жетекчиси Убыкееванын маселесин тез арада чечип бербесе, кызматтан алына турган болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев шаардагы поликиникалардын биринин жетекчисин кош бойлуу айымдан кечирим суратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кош бойлуу Айпери Убыкеева өзү билдирди. 

Буга чейин Убыкеева Бишкектеги поликлиникалардын бирине көрүнгөнү барып, дарыгери улам бир лабораториядан экинчисине жөнөтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Бала көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тагдырга ташталган ымыркайлар үчүн "бөбөк-кутулар" маселеден кутултабы?
Мамлекеттик лаборатория бардыгы таза деп чыгарган анализге карабастан, дарыгер Убыкееваны менчик лабораторияга жөнөткөн. Андан С гепатити менен ооруйсуң деген жыйынтык чыгарып беришкен. Дарыгер кайрадан башка лабораторияга жөнөтсө, ал жактан анализ таза чыгат. Бирок, дарыгер кош бойлуу Убыкееваны төртүнчү ирет анализ тапшырткан. 

Улам ар кайсы лабораторияга миң сомдон кем эмес каражатка анализ тапшырып жүрүп жадаган Убыкеева бул окуя боюнча министр тарабынан чара көрүлө баштаганын айтып, кубанычы менен бөлүштү. 

"Буга чейин сиздерге окуяны айтып берип жатып, жазуу түрүндө эле калып калса керек деп ойлогом. Бирок, министр Батыралиев көңүл сыртында калтырбай, катуу чара көрүп жатат. Мен барган поликлиниканын жетекчиси мага телефон чалып кечирим сурады", — дейт Убыкеева. 

Анын айтымында, лабораторияларга кеткен каражат кайтарылып берилмей болуптур. 

"Эми мени башка дарыгердин көзөмөлүнө өткөрүштү", — дейт Убыкеева.

Мындан сырткары, Батыралиев поликлиниканын жетекчиси Убыкееванын маселесин тез арада чечип бербесе, кызматтан алынарын билдиргенин кошумчалады.

Ал эми министр Талантбек Батыралиевге Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кайрылганда ал шаардагы бардык поликлиникаларды текшерүүгө алуу тапшырмасын бергенин айтты.

"Алгач сиздерге жана Айпери Убыкеевага ыраазычылык билдирем. Буга чейин эч ким бизге расмий кайрылган эмес, ошондуктан өзүмдүн канымды тапшырып лабораторияларды текшерүүгө чейин бардым", — деп айтты Батыралиев.

Анын сөзү боюнча, элдер ачык түрдө арыз менен кайрылбагандыктан поликлиникаларды текшерүүгө алуу кыйынчылык жаратып келген.  

Мындан сырткары, министр Батыралиев Айпери Убыкееванын абалы тууралуу мындан ары да кабарлап турууну өтүндү.  

Жаңылыктар түрмөгү
0