Майыптар премьерден турак жай менен камсыздоону өтүнүшөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАзиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда турак жайдан башка ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн оорукана жана реабилитациялык борборлорду уюштуруу маселеси талкууланды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак жай менен камсыздалышы орчундуу маселе боюнча калып жатканын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтты.

Азема Дыйканбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүм алдында жаткан кыз кантип Кыргызстандын сулуусу болду
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Мамбетакунов премьер-министрге майыптардын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Турак жайдан башка ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн оорукана жана реабилитациялык борборлорду уюштуруу маселеси талкууланды.

Мамбетакуновдун маалыматында учурда республикада саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген 168 миң жаран бар, анын 18 миңи Бишкекте жашайт.

Жээнбеков айтылган бардык сунуштарды аткарууга колдон келген аракет көрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0