Май майрамдарынан кийин Бишкекте ысык суу өчөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуу ысытуу. Архив
Суу ысытуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада ысык суу берүү бир айга, тагыраагы 12-июнга чейин токтойт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Май майрамдарынан кийин, 12-майдан тарта бир айга чейин Бишкек шаарында ысык суу берүү токтотулат. Бул туурасында "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын жетекчиси Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты. 

Анын айтымында, апрелден октябрга чейин жылуулук тармактарындагы оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүтөт. 

Ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул мезгил аралыгында биринчи иретте толугу менен оңдоп-түзөө иштерин талап кылган жабдуулар оңдолот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0