Милиция: аянттагы жоогазынды балдар уурдап, чоңдор саткан

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор аянттагы жоогазын. Архив
Борбор аянттагы жоогазын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цыган улутундагы эки кыз кармалып, алар менен чогуу сегиз өспүрүм "иштегендигин" шаардык милициядан кошумчалашты.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбордук аянттагы жоогазындарды балдар жулганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин белгисиз бирөөлөр аянттагы 1000ге жакын гүлдү жулуп кеткени маалымдалган. Жалпысынан 12 миң сомдон ашык чыгым келтирилген. Уурулук боюнча "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы милицияга арыз менен кайрылган

Жоогазын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти түркүн түскө боёгон кызыл-тазыл жоогазын
"Милиция аянтта велосипеддерди ижарага берген күбөлөрдү суракка алган. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде гүлдү балдар жулганы аныкталды. Алар түнкү саат эки-үчтөрдө бул ишке барышкан. Ушундай эле көрсөтмөнү ошол айланадагы кафеде иштегендер дагы берген. Алардын кафесиндеги кардарларга цыган улутундагы эки кыз жоогазын сатып келишкен", — деп ИИББден маалымдашты.

Укук коргоо органынын кызматкерлери кыздардын ким экенин жана кайда жашарын аныкташты. Алар Чүй облусундагы Новопокровка айылынын тургундары болуп чыкты.

Алар жергиликтүү милицияга алынып келген. Аларга эми айып салынышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0