Жээнбеков: элди сугат суусун үнөмдүү пайдаланууга үйрөтүү керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өкмөт башчы айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кабыл алды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргыз дыйкандарына Белоруссия менен Кытайдан чыккан трактор менен башка жабдуулар 10 пайыздык лизинг менен берилип жатат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда билдирди.

Ал өкмөт башчысына жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берип, дыйкандар сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуп жатканын белгиледи.

Жээнбеков сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керектигине токтолду. 

"Ирригациялык системалар менен каналдар чындап ага муктаж жайларда курулушу керек", — деди премьер-министр.

Муну менен бирге өкмөт башчы учурда айыл чарба тармагын өнүктүрүп, колдоого керектүү ресурстар жетиштүү экенин белгилеп, бул жаатта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишин айтып өттү. Мындан тышкары, кепилдик фондусу түзүлө турганын кошумчалады.

"Мунун баарын эске алып тамчылатып сугаруу, күнөскана чарбасы, логистикалык борборлорду куруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган аракеттерди күчөтүү керек. Экспорт үчүн продукция өндүргөн ишкерлерди колдоого өзгөчө басым жасоо зарыл", — деди Жээнбеков.

Жолугушууга биринчи вице-премьер Мухаметкалый Абулгазиев да катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0