Sputnik Кыргызстан "Акнет" ТВ-порталынан жеткиликтүү боло баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik.kg маалымат сайтынын тасмасы. Архив
Sputnik.kg маалымат сайтынын тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мындай саамалык менен Чүй облусу, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары "Жаңылыктар" рубрикасынан тааныша алышат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жаңылыктары эми "Акнет" операторунун iTV пайдалануучулары үчүн жеткиликтүү боло баштады. 

Учурда мындай саамалык менен Чүй облусу, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары "Жаңылыктар" рубрикасынан тааныша алышат.

"Sputnik Кыргызстан " ар бир үйгө кирип, бардык форматта жеткиликтүү болууга аракет жумшайт. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк жана жергиликтүү окуялар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен таанышууга "Акнет" оператору аркылуу таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — дейт агенттиктин жетекчиси Елена Череменина. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кара жыгач сейил багына көчөт отургузду
"Акнет" оператору Кыргызстандын рыногунда 1998-жылы пайда болгон. Бүгүнкү күндө санарип форматтагы 160 телеканалды өзүнө камтыйт.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0