Борбор калаанын Жаштар кеңешин түзүү талкууланды

Жазылуу
Вице-мэр Айгүл Рыскулова Бишкек шаары жаш шаар экенин айтып, бул жакта аймактардан келген жаштар окуп, иштерин кошумчалады.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Асел Пирматова борбор калаадагы жаштар уюмдары менен жолугуп, алардын жүрүм-туруму жана борбор калаанын Жаштар кеңешин түзүүнү талкуулашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда активисттер шаарды өнүктүрүү боюнча өз долбоорлорун сунушташты.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова Бишкек шаары жаш шаар экенин айтып, бул жакта аймактардан келген жаштар окуп, иштерин кошумчалады.

"Жаштар кеңешин түзүү мэрия үчүн абдан маанилүү", — деди Рыскулова.

Жолугушуунун жыйынтыгында сунушталган долбоорлорду карап чыгып, биргеликте иштөө боюнча чечим кабыл алынды.

Бул иш-чарага ошондой эле бардык район акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0